super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Түндүк Корея бир нече баллистикалык ракеталарды учурду

 

Түндүк Корея Япония деңизине карай бир нече кыска аралыкка учуучу баллистикалык ракеталарды учурду. Бул тууралуу Сеулдагы "Рёнхап" маалымат агенттиги Түштүк Корея армиясынын Бириккен штаб башчыларынын комитетине таянып кабарлады.

Маалыматтарга ылайык, ракеталар жергиликтүү убакыт боюнча саат 8:10 чамасында Хванхэ-Пукто провинциясынын түндүк бөлүгүндө жайгашкан Чунхва уездинен учурулган. Ракеталар түндүк-чыгыш багытында учуп кеткен.

Жооп иретинде, Түштүк Кореянын аскерлери ракеталык кырдаалды көзөмөлдөөнү күчөтүп, АКШ жана Япония менен биргеликте маалымат алмашуу жана даярдык абалында экени айтылды.

Буга чейин, 11-октябрда Түндүк Корея бийлиги жаңы континент аралык баллистикалык ракетасын тааныштырган. Ал ракета Корей Эмгек партиясынын (КЭП) негизделгенине 80 жыл толгон аскердик парадда көрсөтүлгөн.

Парадга Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын, ошондой эле Кытай, Орусия, Вьетнам жана башка мамлекеттердин жогорку даражалуу өкүлдөрү катышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: