Манас шаарынын деталдык планын түзүү боюнча жыйын өттү
Кечээ, 21-октябрда Шаар куруу жана архитектура департаментинде Жалал-Абад облусуна караштуу Манас шаарынын деталдык планын түзүү боюнча жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жыйынга департаменттин директорунун орун басары Данияр Бапышов, Манас шаарынын мэриясынын, Жалал-Абад аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын, Геодезия жана картография боюнча мамлекеттик башкармалыктын кызматкерлери, ошондой эле жер пайдалануу жана куруу эрежелерин иштеп чыгуучулардын өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө төмөнкү чечимдер кабыл алынды:
- Буюртма берүүчү тарап департамент менен биргеликте Манас шаарынын ДПТ долбоору үчүн пландалган аймакты аныктоосу зарыл. Бул аймак шаардын келечекте өнүгүүсү жана шаар куруу жөнгө салуу чектеринин аныкталышын эске алуу менен белгилениши керек.
- Каралып жаткан аймак топографиялык сүрөткө түшүрүү жана ДПТ иштеп чыгуу үчүн 4 этапка бөлүнөт.
- Жалал-Абад аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы кыска убакыттын ичинде аймакты жана ДПТ менен топографиялык сүрөткө түшүрүүнү иштеп чыгуу этаптарын аныктап чыгат.
- Буйрутма берүүчү тарап топографиялык сүрөт үчүн "Госкартография" мамлекеттик башкармалыгы менен М 1:2000 масштабы боюнча, жер алдындагы жана жер үстүндөгү инженердик тармактарды камтыган келишим түзүүгө тийиш.
- Департамент ДПТ иштеп чыгуу үчүн буюртма берүүчү менен келишим түзөт жана техникалык тапшырманы биргеликте иштеп чыгып, буюртма берүүчүгө жөнөтөт.
Аталган чечимдер Манас шаарынын башкы планын ишке ашыруудагы деталдуу план түзүү долбоорун иштеп чыгуу үчүн маанилүү кадам болуп саналат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:57
2025-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















