OpenAI жасалма интеллект менен иштеген Atlas браузерин ишке киргизди
OpenAI жасалма интеллект менен иштеген Atlas браузерин ишке киргизди. Atlas'та ChatGPT эс тутумунун орнотулганы белгиленип, мунун аркасында мурунку баарлашуулардагы маалыматтар жана деталдар жаңы тапшырмаларда колдонула алары айтылган. Бул тууралуу компания өзү билдирүү жасады.
Билдирүүдө браузердин эс тутуму толугу менен ыктыярдуу экени баса белгиленип, колдонуучулар бул эс тутумду каалаган убакта көрө, архивдей же өчүрө алары белгиленген. Серептөө таржымалын өчүрүү тиешелүү эс тутум жазууларын автоматтык түрдө жок кылары айтылган.
ChatGPT Atlas бүгүнкү күндөн баштап macOS операциялык системинин колдонуучулары үчүн Free, Plus, Pro жана Go пландарында жеткиликтүү болгону белгиленип, Windows, iOS жана Android операциялык системдери үчүн да жакын арада ачылары билдирилген.
Ошондой эле Atlas'та "агент режими" бар экени да айтылып, колдонуучунун атынан изилдөө, талдоо, иш-чараларды пландаштыруу, жолугушууларды белгилөө сыяктуу тапшырмаларды аткара алган бул режим ChatGPT Plus, Pro жана Business колдонуучуларына алдын ала көрүү катары сунушталганы белгиленген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















