Ирландияда мигранттарга каршы нааразычылык акциялары башталды
Ирландиянын Дублин шаарында Африкадан келген мигрант тарабынан ирландиялык жаш кыздын зордукталышынан кийин экинчи күн катары менен баш аламандыктар уланууда. Бул тууралуу Sky News агенттиги билдирди.
Окуя коомчулукта нааразычылык жаратып, болжол менен 2000дөй адам шаардын четиндеги Citywest мейманканасына барышкан. Бул мейманканада башпаанек издеген чет өлкөлүктөр жашашат.
Нааразычылык учурунда катышуучулар менен полиция ортосунда кагылышуулар болуп, полиция кызматкерлерине таштар, бөтөлкөлөр жана фейерверктер ыргытылган.
Полиция митингчилерди мейманканадан алыстатуу үчүн суу чачуучу атайын техникаларды колдонууга аргасыз болгон. Полиция комиссары Жастин Келли бул баш аламандыкка катышкандар сөзсүз түрдө жоопко тартылышарын билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:46
2025-11-01
17:08
2025-11-01
9:16
2025-11-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















