Дүйнөдө чиркей такыр кездешпеген өлкөдөн чиркей табылды
Дүйнөдө чиркей кездешпеген сейрек өлкөлөрдүн бири саналган Исландияда жапайы шартта биринчи жолу чиркейлер катталды. Исландиянын Табигый илимдер институту Рейкьявиктен 30 чакырым түндүктө "Culiseta annulata" түрүнө таандык үч чиркей табылганын билдирди.
Адистер чиркейлер өлкөгө кеме же жүк контейнерлери аркылуу кирип келген болушу мүмкүн деп болжолдошот. Бирок окумуштуулар муну глобалдык жылуулуктун түз натыйжасы катары баалоодон карманышууда. Анткени чиркейдин бул түрү суук климатта да жашай алат.
Ошентсе да климаттык өзгөрүүлөр чиркейлердин жаңы аймактарга жайылышына шарт түзүп жатканын белгилешет. Адистер алдыдагы жаз айларында чиркейдин бул түрү Исландияда туруктуу калып калуусун изилдешет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:46
2025-11-01
17:08
2025-11-01
9:16
2025-11-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















