super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АКШнын Улуттук гвардиясы Вашингтондо 2026-жылдын жайына чейин калышы мүмкүн

 

АКШнын Улуттук гвардиясы Вашингтондо 2026-жылдын жайына чейин калышы мүмкүн. ABC телеканалынын маалыматына ылайык, бул чара кылмыштуулукка каршы күрөшүү максатында көрүлүүдө.

"Вашингтон, Колумбия округундагы Улуттук гвардиянын жайгашуусу 2026-жылдын жайына чейин узартылышы мүмкүн",- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, август айында АКШнын президенти Дональд Трамп федералдык бийликтин кылмыштуулукка каршы аракеттеринин бир бөлүгү катары бир катар чечимдерди жарыялаган. Ал өз жарлыгы менен Вашингтондун полициясын федералдык өкмөттүн түз көзөмөлүнө өткөрүп, Улуттук гвардияны шаарга жөнөткөн. Мындан тышкары, зарылчылык жаралса, куралдуу күчтөрдү да жөнөтөрүн эскерткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: