super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Улуу Британия Газа боюнча келишимдин аткарылышын көзөмөлдөө үчүн Израилге аскерлерин жөнөттү 

 

Улуу Британия АКШнын өтүнүчү менен Газа секторунда ок атышууну токтотуу келишимин көзөмөлдөөгө жардам берүү үчүн Израилге жогорку даражадагы аскер кызматкерин жана чакан аскердик контингентти жөнөттү. Бул тууралуу Sky News басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, Улуу Британиянын коргоо министри Жон Хили бул тууралуу 20-октябрда Лондондо бизнес өкүлдөрүнүн алдында коргонуу темасындагы лекциядан кийин билдирген.

Анын айтымында, аты аталбаган британ офицери АКШ тараптан дайындалган командирдин орун басары болуп иштейт. Бул командир жарандык жана аскердик координация борборуна жетекчилик кылат, ал эми бул борборго Египет, Катар, Түркия жана Бириккен Араб Эмираттарынан да аскерлер катышары күтүлүүдө.

"Улуу Британия мүмкүн болгон жерде өз тажрыйбасы жана көндүмдөрү менен жардам берип, маанилүү роль ойнойт. Биз лидер болууну көздөбөйбүз… бирок өз үлүшүбүздү сөзсүз аткарабыз",- деди коргоо министри Жон Хили.

АКШ болсо Израилге 200гө чейин аскер жиберүүнү пландоодо, бирок алар Газа секторуна киришпейт.

Sky News кошумчалагандай, буга чейин Улуу Британиянын тышкы иштер министри Иветт Купер Улуу Британия Израилге аскер жиберүүнү пландабай турганын билдирген.

Эске салсак, акыркы күндөрү Израил менен палестиналык ХАМАС кыймылы ок атышпоо келишимин бузду деп бири-бирин айыптап жатышат. Өткөн дем алыш күндөрү Израил аба соккуларын кайра жандандырган.

Газанын Саламаттык сактоо министрлиги 20-октябрда билдиргендей, акыркы сутка ичинде 50дөн ашуун адам каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: