Перуда уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү үчүн өзгөчө абал жарыяланды
Перуда Лима жана Кальяо шаарларында уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү максатында 30 күндүк өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Кылмыштуулуктун деңгээли пропорционалдуу эмес түрдө өстү, бул миңдеген үй-бүлөлөргө чоң азап алып келүүдө жана өлкө экономикасына зыян келтирүүдө",- деди убактылуу президент Хосе Хери.
El Peruano гезитинде жарыяланган чечимге ылайык, өзгөчө кырдаал учурунда турак жайдын кол тийбестиги, чогулуш эркиндиги жана жеке коопсуздук сыяктуу кээ бир негизги укуктар токтотулат. Куралдуу күчтөр Улуттук полиция башкармалыгына колдоо көрсөтүп, автобус аялдамаларында, метро станцияларында, мамлекеттик мекемелерде жана зомбулук окуялары көп катталган аймактарда кайгуул иштерин жүргүзөт.
"Согуштар сөз менен эмес, иш менен жеңилет. Бүгүн биз тарыхты өзгөртө баштайбыз. Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү өлкөбүздүн тынчтыгын жана бейпилдигин кайрадан камсыз кылат",- деди Хери.
Өлкөдө акыркы жумаларда, өзгөчө Лимада миңдеген адамдар зомбулуктун жана уюшкан кылмыштуулуктун көбөйүшүнө нааразычылык билдиришкен. Өлүмдөрдү каттоо маалымат системине таянсак, июль-сентябрь айларында Перуда 575 киши өлтүрүү катталган.
0
1 |

Супер-Инфо
super.kg видео
















