super.kg logo
  Саясат  

ИИМ Баткендин Орто-Боз айылынын айрым тургундарына медаль тапшырды

ИИМ чек ара көйгөйүн чечүүга жардамдашкан Баткендин Орто-Боз айылынын айрым тургундарын сыйлады
ИИМ чек ара көйгөйүн чечүүга жардамдашкан Баткендин Орто-Боз айылынын айрым тургундарын сыйлады
Орто-Боз айылынын тургунуна ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов медаль тагууда
Бул айым да милицияга көмөк көрсөткөндүгү үчүн сыйлык алды
Орто-Боз айылынын тургунуна ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов медаль тагууда
Орто-Боз айылынын тургунуна ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов медаль тагууда
Горнизондук кароо болуп, жергиликтүү жетекчилик аскерлердин абалы менен таанышты

Бүгүн, 17-январда Баткен районунун Орто-Боз айылынын айрым жашоочулары “ Кыргыз милициясына 85 жыл” медалы менен сыйланышты. Сыйлык  аларга чек арада мыйзамдуулукту сактап, күч органдарынын кызматкерлери менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндүгү үчүн берилди. Иш-чарага ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов менен Баткен ОИИББинин башчысы Анарбай Алимбеков катышканын ОИИББинин маалымат кызматы билдирет.  

Курсан Асанов  чогулган элге “сабыр кылыңыздар, алдыбызда дагы көптөгөн ийгиликтер болот. Бул иштер башаты гана” деди.  Айыл тургундары кыргыз милициясынын аткарып жаткан милдеттерине терең ыраазычылык билдирип, ак бата беришти.

Андан соң ошол эле айылда кызмат өтөп жатышкан милиция кызматкерлеринен жана ички аскерлеринен турган горнизондук кароо болуп өттү. Баткен ОИИББинин башчысы катардагы кызматкерлердин абалы жөнүндө сурап, “Элдин коопсуздугун сактоо биздин милдет. Бүгүнкү күндө эч нерсеге карабастан милдетибизди так аткарышыбыз керек”,- деп билдирди.

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: