super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Ош шаарындагы өрт, Новопокровкадагы жарылуу. Президент кырсыкта каза болгондордун жакындарына көңүл айтты

 
Президент Садыр Жапаров Ош шаарында жана Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында акыркы күндөрү болгон кайгылуу окуялардын кесепетинен каза болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтты. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
“Ош шаарындагы өрттөн алты мекендешибиз – эне жана анын беш баласы каза болгону, ошондой эле Новопокровка айылындагы заводдо цемент ташуучу цистерна жарылып, эки жумушчунун өмүрү кыйылганы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Сиздердин аза-кайгыңыздарды тең бөлүшөм. Жараткан силерге сабырдуулук жана бул оор жоготууларды көтөрүүгө күч-кубат берсин, ал эми маркумдардын жаткан жери жайлуу болсун. Мамлекеттик органдар каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүү боюнча бардык зарыл чараларды көрүшөт”,- деп белгиленген мамлекет башчысы көңүл айтуусунда.
Ошондой эле Садыр Жапаров ӨКМге жана тиешелүү министрликтерге өзгөчө кырдаалдардын жана өрттөрдүн алдын алуу боюнча толук чараларды көрүүнү тапшырды.
“Суук түшүшү менен жеке турак жайларда, ошондой эле өндүрүштүк объектилерде электр энергиясын жана жылытуучу шаймандарды колдонууда өрт жана өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу коркунучу жогорулайт. Калк арасында сактык чаралары боюнча алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин күчөтүү жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу зарыл”,- деп кошумчаланган маалыматта.
Белгилей кетсек, тилсиз жоо болжол менен 03:30да башталып, ӨКМге 05:54тө маалымат келип түшкөн. Кырсыктын кесепетинен 34 жаштагы аял жана 13, 11, 9, 6, 2 жаштагы балдар каза болду.
Ошондой эле Ысык-Ата районунда газоблок чыгаруучу ишканада болгон жарылуудан 2 адам каза болгондугу маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: