Түркмөнстанда президенттин кортежинен улам кош бойлуу аял жолдо каза тапты
Түркмөнабад шаарында кош бойлуу аял президенттин кортежинен улам ооруканага жетпей, жолдо каза тапты. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна полиция жана оорукана кызматкерлери анонимдүү түрдө маалымдашкан.
Маалым болгондой, окуя 15 -октябрда президент Сердар Бердымухамедовдун иш сапары учурунда болгон. Ал күнү мамлекет башчы химиялык заводдун пайдубалына капсула салуу аземине катышып, шаардын бардык жолдору толук жабылган.
"Күч кызматкерлери биздин ооруканада турган "Тез жардам" унааларын да чыгарган жок. Ал күнү "Тез жардам" чакырган бир да адамга өз убагында жардам көрсөтүлгөн жок",- деп билдиришкен жергиликтүү оорукана кызматкерлери.
Каза болгон аялдын күйөөсү аны ооруканага жеткирүүгө аракет кылган, бирок коопсуздук кызматкерлери анын унаасын өткөрбөй коюшкан. Аял күйөөсүнүн колунда каза болуп, аны менен кошо курсагындагы ымыркай да каза тапкан.
Окуяга күбө болгондордун айтымында, маркумдун күйөөсү коопсуздук кызматкерлеринен өткөрүп коюуну суранган, бирок ага башка жол аркылуу баруу сунушталган.
Оорукананын дарыгерлери аялдын каза болгонун гана тастыкташып, ошол замат полиция кызматкерлерин чакырышкан.
Андан кийин каза тапкан аялдын күйөөсүнө бул окуя тууралуу эч кимге айтпоону эскертишип, эгер баш ийбесе, жалгыз калган уулу үчүн кооптонушу керектигин билдиришкен.
Басылманын маалыматына караганда, Лебап аймагындагы расмий органдар бул окуя боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартышкан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















