super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Украинага жөнөтүлмөк... Канада брондолгон эски LAV техникаларын оңдоо келишимин жокко чыгарды

 

Канада Украина үчүн арналган эски LAV брондолгон техникаларын оңдоо келишимин жокко чыгарды. Бул тууралуу Канаданын коргоо министри Дэвид Макгинти CBC телеканалына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Канада Armatec Survivability компаниясы менен түзгөн келишимди токтоткон. Бул компания Украинага жөнөтүлө турган эски, эсептен чыгарылган жеңил бронетехниканы оңдоого тийиш болчу.

Макгинти келишимдин эмне себептен токтотулганын так ачыктай албай турганын билдирди.

"Менин бул маселени тереңирээк талкуулоого мүмкүнчүлүгүм жок. Департамент менен компаниянын мамилеси кандай болорун көрөбүз. Чечимдин себептерин кененирээк түшүндүргүм келет, бирок азыр андай мүмкүнчүлүгүм жок",- деди министр.

Ошондой эле ал Канада Украинага жаңы техника жөнөтүүнү улантып жатканын, көйгөй болгону калыбына келтирилген техникага байланыштуу экенин кошумчалады.

Эске салсак, 16-октябрда Украинанын коргоо министри Денис Шмыгаль Брюсселде өткөн сүйлөшүүлөр учурунда АКШ курал-жарак сатып алуу программасы боюнча Киевдин өнөктөштөрү 422 миллион долларлык милдеттеме алышканын билдирген.

Анын айтымында, Украинага бир нече өлкөдөн аскердик жардам көрсөтүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: