super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АКШда учкучтар түшүнбөстүктөн улам учакты чукул кондурууга аргасыз болушту

 

АКШда Омахадан Лос-Анжелеске багыт алган учак түшүнбөстүктөн улам чукул кондурулду. Бул тууралуу Daily Mail жазды.

Маалыматка ылайык, SkyWest авиакомпаниясы аткарган 6569-каттам дүйшөмбү күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:41де Омаха шаарынын аэропортунан учуп кеткен. Бирок көп өтпөй экипаж учакты артка буруп, аба майданына кайтуу чечимин кабыл алган.

"Артка кайтуунун себеби - учкучтар кабинада салондогу борт коштоочулар менен байланышын жоготкондуктан болду",- деп жазылат маалыматта.

Борт коштоочулар учкучтардын көңүлүн буруу үчүн кабинанын эшигин тыкылдата баштаганда, алар учакты басып алуу аракети болуп жатат деп ойлошкон. Коопсуздук максатында экипаж кайтып келип, аэропортко конуу чечимин кабыл алган.

Учак ийгиликтүү конуп, бортко полиция кызматкерлери келген. Капитан жүргүнчүлөрдөн окуя үчүн кечирим сурады. Жүргүнчүлөр учак текшерилип бүткүчө үч сааттан ашык жерде күтүштү. Учак жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:18де кайра учкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: