super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Алайдын ардагерлер кеңеши Ош облусунун башчысына Ыраазычылык кат тапшырышты (фото)

 
Алай районунун ардагерлер кеңешинин атынан Ош облусунун башчысы Элчибек Жантаевге Ыраазычылык кат тапшырылды. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.
Катта 2025-жылдын 11-12-сентябрында өткөн Алымбек датка Асанбий уулунун 225 жылдык мааракесин жогорку деңгээлде уюштурууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирилген.
"2025-жылдын 11-12-сентябрында өткөн алайлык кыргыздардан чыккан эң таасирдүү саясий ишмер, парваначы Алымбек датка атабыздын 225 жылдык мааракесин өткөрүүгө эбегейсиз зор салым кошуу менен бирге, бул мааракени эң жогорку деңгээлде өткөрүүгө жетиштиңиз. Бул - сиздин уюштургучтугуңуз, ар кандай адамдар менен тил табышкан дипломаттуулугуңуз, алдын ала көрө билген көрөгөчтүгүңүз, талапты катуу коюп, аны көзөмөлдөп турган тактыгыңыз, мүмкүнчүлүккө жараша маселени туура чече билгениңиз жана мааракеге кызмат кылгандарга жасаган сылык-сыпаа, жагымдуу мамилеңиздин натыйжасы деп билебиз.
Алай районунун ардагерлери сиздин Алымбек датканын 225 жылдык мааракесин эң жогорку деңгээлде өткөргөнүңүзгө терең ыраазычылык билдиребиз. Сизге чың ден соолук, узак өмүр, ишиңизге ийгилик, элдин алкоосуна арзып, үй-бүлөңүз менен аман-эсен, бактылуу жашашыңызды каалайбыз. Бар болуңуз!"- деп жазылган Ыраазычылык катта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: