super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Францияда тарыхый күн. Мурунку президент Саркозини түрмөгө үй-бүлөсү коштоп келди 

 

Кечээ, 21-октябрда Франция үчүн тарыхый күн болду. Мурдагы президент Николя Саркози 2007-жылдагы шайлоо кампаниясын мыйзамсыз каржылоого байланышкан иш боюнча 5 жылга эркинен ажыратылып, жазасын өтөөгө абакка кирди.

Аны Париждеги үйүнөн жубайы Карла Бруни, 13 жаштагы кызы Жулия жана мурдагы никесиндеги уулдары узатып барган. Басылмалар Бруни өзүн кайгыга салбай, тайманбай жана салабаттуу көрсөткөнүн белгилешүүдө.

Саркози абакка "Граф Монте-Кристо" китебин жана Исанын өмүр баянынын эки томун ала кирди. Ал La Santé түрмөсүндө жалгыз камерада кармалат. Бул Франциянын эң эски түрмөсү. Ал жакта китеп окууга жана жазууга мүмкүнчүлүк берилет.

Бул окуя Франция тарыхында мурдагы мамлекет башчысы түрмөгө отурган биринчи учур. Кээ бирөөлөр муну мыйзам үстөмдүгүнүн далили дешсе, башкалар саясий өч алуу катары баалашууда. Бирок баары бир бул Франциянын жана Европанын укук жана демократия тарыхындагы өзгөчө учур катары калды.

Белгилей кетсек, буга чейин сот 70 жаштагы саясатчыны беш жылга эркинен ажыратып, бирок ал залдан камалган эмес. Ага мөөнөт берилген.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: