super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Луврдагы баалуу буюмдар уурдалган окуядан кийин дагы бир музей тонолду

 

Луврдагы баалуу буюмдар уурдалган окуядан бир нече саат өткөндөн кийин белгисиз адамдар Лангре шаарындагы Дени Дидро музейинен баалуу экспонаттарды уурдап кетишти. Бул тууралуу France Info билдирди.

Коопсуздук кызматтарынын маалыматына караганда, уурулар "Дени Дидро билим үйүнө" кирүүчү эшикти талкалашкан. Андан соң имараттын ичине кирип, XVIII-XIX кылымдардагы алтын жана күмүш тыйындар коллекциясын уурдап кетишкен. Маалым болгондой, калган экспонаттар зыянга учураган эмес.

Окуяга байланыштуу музей учурда зыяратчылар үчүн жабык. Франциянын Ички иштер министрлиги өлкө боюнча музейлер менен маданий мурастарды коргоону күчөтүүнү тапшырды.

Эске салсак, 19-октябрда Лувр музейиндеги баалуу буюмдар уурдалган. Каракчылар скутерлер менен келип, сырттагы жүк лифти аркылуу терезелерге жетип, аларды талкалап киришкен. Музейдин ичине киргенден кийин Наполеон жана императрицага тиешелүү баалуу зер буюмдарды уурдап, окуя болгон жерден качып кетишкен. Жалпы 9 зер буюм уурдалган.

Буга байланыштуу музей бир күнгө жабылган, ал эми коноктор эвакуацияланган.

Көп өтпөй Императрица Евгениянын таажысы көчөдө сынган абалда табылган. Учурда шектүүлөр изделүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: