Чемпиондор Лигасы: Казакстандын "Кайрат" клубу алгачкы упайга ээ болду
Кечээ, 21-октябрда Алматынын "Кайрат" клубу Чемпиондор Лигасынын жалпы этабынын үчүнчү турунун алкагында кезектеги оюнун өткөрдү. "Кайрат" өз үйүндө Кипрдин "Пафос" клубун кабыл алды.
Беттеш Алматы шаарындагы "Орталык" стадионунда өтүп, 0:0 эсебинде жыйынтыкталды. Муну менен "Кайрат" Чемпиондор Лигасында алгачкы упайына ээ болду.
Кийинки беттеште "Кайрат" Италияда "Интер" менен оюн талаасына чыгат, ал эми "Пафос" клубу өз талаасында Испаниянын "Вильярреалын" кабыл алат. Эки оюн тең 5-ноябрда өтөт.
Эске салсак, Казакстандын "Кайрат" клубу УЕФА Чемпиондор Лигасынын 2025/2026-жылкы сезондогу плей-офф баскычында Шотландиянын атактуу "Селтик" командасын утуп, бул турнирдин негизги этабына тарыхта биринчи жолу жолдомо алган.
Эми быйыл күзүндө башталып, 2026-жылдын кыш мезгилине чейин созула турган негизги этапта Казакстандын "Кайраты" Европанын эң күчтүү клубдары менен сегиз жолу оюн талаасына чыгат. Казакстан испаниялык "Реал Мадрид", бельгиялык "Брюгге", грециялык "Олимпиакос" жана кипрдик "Пафос" клубдары менен беттешти Алматыда өткөрсө, италиялык "Интер", англиялык "Арсенал", португалиялык "Спортинг" жана Даниянын "Копенгаген" клубдары менен боло турган беттештерин башка өлкөдө өткөрөт.
30-сентябрда "Кайрат" клубу атактуу "Реал Мадрид" менен беттешкен. Оюн 5:0 эсебинде мадриддик клубдун жеңиши менен аяктаган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















