Олимпиада 2032: Австралия крокодилдер жашаган дарыяны мелдештер үчүн тандады
Австралиянын Фицрой дарыясы 2032-жылы Брисбенде өтө турган Олимпиадада байдарка жана каноэ жарыштарынын расмий аймагы катары бекитилди. Бул тууралуу 21-октябрда Австралиянын улуттук телеберүү корпорациясы кабарлады.
Фицрой дарыясы буга чейин коопсуздук жана техникалык талаптарга жооп бербейт деп сындалып келген. Себеби ал жерде крокодилдер кездешери жана суу жолдору олимпиадалык стандарттарга шайкеш эместиги айтылган.
Квинсленддин сенатору Мэтт Канаван бул аймак боюнча соңку техникалык-экономикалык негиздеме оң болгонун билдирип, чечимди колдоорун айтты. Ошентсе да Эл аралык гребля федерациясы өзүнчө техникалык баалоо жүргүзүп жатат, анын жыйынтыгы азырынча жарыялана элек.
Буга чейин 2-апрелде, дарыя расмий түрдө Олимпиадага жараксыз деп табылган болчу. Бирок ал кайрадан каралды.
Маалымат үчүн: 2032-жылы Жайкы Олимпиада оюндары Австралиянын Брисбен шаарында өтөт. Олимпиада 23-июль – 8-август аралыгында өтөрү болжолдонууда. Ага дүйнөнүн 200гө жакын өлкөсүнөн 10 миңден ашык спортчу катышары күтүлүүдө. Брисбен жана анын айланасындагы Голд-Кост, Саншайн-Кост шаарлары мелдештер өтө турган негизги аймактар болот.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















