Илон Маск: "Келечекте жасалма интеллект бардык жумуш орундарын ээлейт"
Америкалык ишкер жана миллиардер Илон Маск келечекте бардык жумуш орундарын роботтор жана жасалма интеллект ээлей турганын билдирди. Бул тууралуу ал X социалдык тармагында жазды.
Ишкердин айтымында, адамдардын иштөөсү милдеттүү болбойт, алар өздөрү каалаган иш менен алектениши мүмкүн.
Маск мисал катары жашылчаларды дүкөндөн сатып алуу менен адамдын өзү өстүргөнүн айтып салыштырды. Ал мындай пикирин америкалык ишкер Жейсон Калаканистин Amazon компаниясы 600 миң кызматкерин роботтор менен алмаштыра турганын айтканына жооп катары билдирди.
Эске салсак, 2024-жылдын 24-сентябрында БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш жасалма интеллектти көзөмөлсүз коркунуч деп атап, ал дүйнөдө бөлүнүүлөргө алып келиши мүмкүн экенин айткан.
"Эки интернет, эки рынок, эки экономика менен чоң бөлүнүү, ар бир мамлекет бир тарапты тандашы керек болот”,- деген Гутерриш. Анын айтымында, жасалма интеллектти башкаруу үчүн глобалдык мамиле керек.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















