super.kg logo

Бишкекте "Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" кинофестивалы аяктады

 

Бишкек шаарында 15-декабрь күнү  II Эл аралык "Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" кинофестивалы аяктады. Фестивалда улуттук жана эл аралык номинация көрсөтүлүп, эл аралык сыйлыкка 11 фильм, улуттук сыйлыкка 16 фильм көрсөтүлгөн. "Эң мыкты тасма" наамын Наргиза Маматкулованын "Жымжырт" тасмасы жеңип алды. "Мыкты режиссёрдук иш" наамын "Чайка" тасмасынын автору Елизавета Стишова алса, калыстардын атайын байгесин Абдулалим Мамадалиевдин "Зарыл ишиң болбосо, Зардалыда эмне бар?" тасмасы жана Эмил Атагелдиевдин "Моисей: Ички дүйнө" тасмасы алды. Эл аралык сынакта "Эң мыкты фильм" наамын Эстониядан келген режиссёр "Аралык" тасмасы менен алса, "Мыкты режиссёрдук иш" наамын орусиялык Елена Друм "Акварель" тасмасы менен алды. Ал эми калыстардын атайын белегин орусиялык режиссёр Вероника Уткина "Лом" тасмасы менен алды. Эске салсак, аталган фестиваль 12-15-декабрдан Бишкек шаарындагы "Манас" кинотеатрында өттү. Уюштуруучулардын бири Садык Шердин айтымында, бул жылы фестивалдын көрүүчүлөрүнүн саны 5000ге жетти. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: