Нарындын Баетов айылында жаңы бала бакча курулууда (фото)
Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылында наркы 179 миллион сомду түзгөн жаңы бала бакча курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылат.
Башкы план боюнча, бала бакча 240 орунга ылайыкталып, жалпы аянты 2619 чарчы метр болгон эки кабаттуу имараттан турат. Курулуш-монтаждоо иштери курулуш нормаларынын негизинде "Сапат Пром" ЖЧКсы тарабынан аткарылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:57
2025-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















