Ташиев байлыгына таң калган мурдагы аткаминердин камактагы мөөнөтү узартылды
Салык кызматынын мурдагы жетекчиси Алтынбек Абдувапов менен анын орун басары Исламбек Кыдыргычовдун камактагы мөөнөттөрү 20-ноябрга чейин узартылды. Бул маалыматты бүгүн, 22-октябрда Бишкек шаардык соту ырастады.
Маалыматка ылайык, чечимди Ленин райондук соту 14-октябрда кабыл алган.
Белгилей кетсек, былтыр, 6-декабрда Абдувапов менен Кыдыргычов УКМК тарабынан кармалган. Атайын кызмат алар электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды пайдалануу менен байланышкан махинацияларга тиешеси бар деп шектелип жатканын билдирген.
УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев июль айында Ош облусундагы жыйында Алтынбек Абдуваповдун байлыгы 55 миллион долларга барабар экенин айтып, таң калган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:59
2025-09-19
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















