super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Бишкекте Кыргызстан менен АКШнын кызматташтыгы талкууланды

 

Бүгүн, 22-октябрда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстандагы АКШнын элчиси Лесли Вигерини кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Анда тараптар кыргыз-америка кызматташтыгынын кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди жана “С5+1” форматындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.

Кулубаев Кыргызстан Америка Кошмо Штаттары менен саясий диалогду мындан ары өнүктүрүүгө, соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды тереңдетүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи.

Кыргыз тарап ошондой эле америкалык инвестицияларды тартууга, АКШнын ишкер чөйрөлөрүнүн өлкө экономикасына катышуусун кеңейтүүгө жана биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө кызыкдар экенин билдирди. Анда визалык маселелер өзүнчө каралды.

Жыйынтыгында тараптар кыргыз-америка мамилелерин мындан ары тереңдетүүгө эки тараптын ынтызарлыгын ырасташты жана үзгүлтүксүз жумушчу байланыштарды улантууну макулдашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: