БШК төрагасы менен АКШнын Кыргызстандагы элчиси шайлоо тууралуу сүйлөштү
Бүгүн, 22-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.
Шайназаров өлкөдө акыркы жылдары жүргүзүлүп жаткан шайлоо системасын реформалоо жана аралыктан добуш берүү жаңы системасы тууралуу маалымат берди. Ошондой эле АКШнын Вашингтон, Нью-Йорк, Чикаго, Сан-Франциско жана Филадельфия шаарларында ачылган жаңы 6 шайлоо участкасы жөнүндө маалымдады.
Ал эми элчи Лесли Вигери шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча чакыруу каты АКШнын Федералдык шайлоо комиссиясына жөнөтүлгөнүн белгиледи. Мындан тышкары АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү да шайлоо процессин мониторинг кылууга катыша турганын билдирди.
Элчи жаңы шайлоо системасына жана колдонулуп жаткан шайлоо жабдууларына өзгөчө кызыгуу билдирди. Ал ошондой эле шайлоо күнү электр энергиясы же интернет өчүп калган учурда добуш берүү кандайча жүргүзүлөрүн сурады.
БШК төрагасы мындай учурлар үчүн шайлоо участкаларында генераторлор орнотулганын, мындан тышкары ар бир шайлоо жабдуусунун өзүнүн 2–3 саатка жеткидей иштей турган аккумулятору бар экенин белгиледи.
Элчи Лесли Вигери шайлоо жабдуулары электр энергиясы жана интернети жок шартта да иштей берерин практика жүзүндө көрүп, шайлоочулар мындай кырдаалда да шайлоо укугун ишке ашыра ала турганына ынанды.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















