Адылбек Касымалиев туризмди өнүктүрүү боюнча жыйын өткөрдү
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөдө туризмди өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин кезектеги жыйынын өткөрдү. Ага тиешелүү мамлекеттик органдардын жана туризм жаатындагы бизнес коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Анда Касымалиев өлкөдө туризм тармагы экономикага туруктуу салым кошо баштаганына токтолуп, 2025-жылдын 1-жарым жылдыгында туризмдин дүң кошумча наркы 30,18 миллиард сомго жетип, ИДПнын ичиндеги үлүшү 4,3 пайызды түзгөнүн белгиледи.
Ошондой эле туризм кызматтарынын экспорту – 529,5 миллион долларды, импорту – 283,9 миллион долларды түзгөнүн, салыктык түшүүлөр 8,486 миллиард сомго жеткенин кошумчалады.
“Учурда өлкөдө инфраструктуралык ири долбоорлор башталды. “Ала-Тоо Резорт” тоо лыжа курорту ишке ашууда; бүт аймактар боюнча аэропорттор масштабдуу модернизацияланууда”, - деген Касымалиев автосаякатчылардын ыңгайлуулугу үчүн Рест-Пойнттор маселесин карап чыгуу зарылчылыгын белгиледи.
Жыйында негизинен алты маселе каралып, анын ичинен туризм тармагынын 9 айдагы жыйынтыгы чыгарылды. Жетишкендиктер менен кошо кемчиликтер белгиленди.
Өкмөт башчысы туризм тармагында жыл бою иштеген багыттарды – кышкы туризмди, туризм тармагындагы чакан бизнести, үй-бүлөлүк бизнести колдоо, жеке инвестицияларды стимулдаштыруу жана жаратылышты коргоо жана туристтерде экологиялык маданиятты калыптандыруу боюнча чараларды күчөтүү тапшырмасын койду. Мындан тышкары тейлөө сапатын жакшыртуу, анын ичинде туризм тармагындагы дасыккан адисттерди даярдоого өзгөчө көңүл бурулду.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















