super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Екатерина Бивол Кыргызстандын укук коргоо органдары ага байланышпаганын билдирди

 

Белгилүү кыргызстандык мушкер Дмитрий Биволдун мурдагы жубайы Екатерина Бивол Кыргызстандын укук коргоо органдары ага байланышпаганын билдирди. Ал 360.ru басылмасына берген маегинде өзүн орусиялык жаран катары Кыргызстандын мыйзамдарына баш ийбесин белгиледи.

"Мен орусиялыкмын, Кыргызстандагы мыйзамдар мага тиешелүү эмес. Менин командамда юристтер бар, биз эмне болушу мүмкүн экенин билебиз. Кылмыш иши барбы же жокпу билбейбиз - баарын интернеттен окуп жатабыз. Бирок мени менен эч ким байланышкан жок",- деди ал.

Ошондой эле ал социалдык тармактарда колдоо да, коркутуу да алганын айтты. Анын айтымында, орусиялык камкордук органдары менен болгон сүйлөшүүлөр тынч нукта өтүп, ага карата эч кандай доомат коюлган эмес. Екатерина сот иштеринде өзүн актап чыгарына ишенерин айтты.

Эске салсак, 21-октябрда Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Екатерина Биволдун кыргыз жарандарына карата кемсинткен сөздөрү бар видео боюнча текшерүү баштаганын билдирген. Министрлик бул аракеттер эл аралык урмат-сый жана сабырдуулук принциптерине каршы келерин баса белгиленип, учурда экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: