super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Нью-Дели дүйнөдөгү эң булганган шаарлар тизмесинин сап башын камсыздады

 

Индиянын борбору Нью-Дели дүйнөдөгү абасы булганган шаарлардын сап башына чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар IQAir компаниясынын маалыматына таянып жазышты.

Шаардын абасыдагы зыяндуу бөлүкчөлөрдүн көлөмү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун чектеринен 40 эсе жогору болгон. Дыйкандардын талаа калдыктарын өрттөөсү жана Дивали майрамында массалык түрдө петарда, фейерверк атылышы бул көрүнүштүн негизги себеби болду.

Жогорку сот айрым салюттарга чектөө койгонуна карабастан, көпчүлүк эреже бузгандыгы маалыматта кошумчаланды. Бийлик буга чейин унааларды чектөө, жолдорго суу чачуу, жана түтүнгө каршы мунараларды куруу сыяктуу чараларды көргөнү менен координациянын жана көзөмөлдүн аздыгынан натыйжа аз болууда.

Учурда IQAir маалыматы боюнча, Индиянын үч шаары дүйнөдөгү эң булганган шаарлардын катарына кирген:

  • Нью-Дели - 1-орун;
  • Калькутта - 4-орун;
  • Мумбаи - 10-орун.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: