"Силердин ыйык милдетиңер". Иманалы Айдарбеков ЖИ аркылуу кыргызстандыктарга кайрылды (видео)
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги саясий ишмер Иманалы Айдарбековдун жасалма интеллект менен даярдалган видеосун жарыялады.
Анда ал өзүнүн мамлекетик ишмердүүлүгү жөнүндө баяндап, кыргызстандыктарга кайрылуу кылганын угууга болот.
"Мекенимдин урпактары, силер бүгүн эгемен мамлекетте жашап жатасыңар. Бул эгемендик биз кыялданган, күрөшкөн, өмүрүбүздү арнаган улуу жетишкендик. Аны сактоо силердин ыйык милдетиңер. Тилди, маданиятты, мамлекеттүүлүктү көздүн карегиндей коргогула",- дейт ал ЖИ менен жасалган видеосунда.
Быйыл президент Садыр Жапаров беш адамга "Азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар" деген наам ыйгарган. Алардын арасында Иманалы Айдарбеков да бар.
Иманалы Айдарбеков СССР убагында кыргыз мамлекетүүлүгүнүн түптөлүшүнө чоң салым кошкон. Ал жалган жалаа менен атылган. Сөөгү "Ата-Бейит" көрүстөнүнө коюлган.
Иманалы Айдарбеков кыргызстандыктарга кайрылды
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















