АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Трамптын демилгесин ишке ашыруу үчүн Израилга барат
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Израилге расмий сапар менен барат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Мамлекеттик департаментке шилтеме берип жазышууда.
Маалым болгондой, сапар 22-25-октябрь күндөрүнө белгиленген. Анын максаты АКШнын президенти Дональд Трамптын Газадагы жаңжалды токтотуу боюнча кеңири тынчтык планын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү.
Департаменттин өкүлү Томми Пиготт белгилегендей, Рубио Израилде бир катар жолугушууларды өткөрүп, аймактагы тынчтык жана коопсуздук маселелерин талкуулайт.
Израилдеги сапардан кийин Рубио 26-30-октябрь аралыгында Куала-Лумпур, Токио жана Кёнджу шаарларында болмокчу.
Аталган өлкөлөрдө ал АСЕАН жана АТЭС уюмдарынын иш-чараларына катышып, соода, коопсуздук жана аймактык кызматташтык маселелерин талкуулайт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















