Орусиянын Копейск шаарындагы заводдо жарылуу болуп, 4 киши каза болду
Орусиянын Челябинск облусунун губернатору Алексей Текслер Копейск шаарындагы заводдо болгон жарылуудан 4 адам каза болгонун билдирди. Ал бул тууралуу Telegram каналына жазды.
Маалыматка ылайык, окуя болгон жерде тиешелүү кызматтар иштеп жатышат.
"Алдын ала маалыматтар боюнча, жарылуунун натыйжасында 4 адам каза болуп, 5 адам жаракат алды. Жаракат алгандардын абалы оор, ооруканага жеткирилди. Медициналык кызматкерлер керектүү жардамды көрсөтүшүүдө. Шаар тургундарына эч кандай коркунуч жок. Жарылуу учкучсуз учуучу аппараттын чабуулунан улам келип чыккан деген маалымат тастыкталган жок. Жарылуунун себеби иликтенип жатат",- деди ал.
Орусиялык маалымат каражаттарында заводдо пластмасса буюмдары өндүрүлгөнү айтылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:46
2025-11-01
17:08
2025-11-01
9:16
2025-11-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















