super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кыргызстан менен Франция билим берүү тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет

 
Кечээ, 22-октябрда агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Франциянын Бишкектеги элчиси Николя Фай менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, тараптар мектептик жана башталгыч кесиптик билим берүү тармагындагы кызматташуунун келечегин талкуулашты.
Франциянын элчиси Кыргызстандагы жалпы билим берүү мектептеринде француз тилин өнүктүрүүгө кызыгуусун билдирип, окуучулар үчүн француз тили сабагын окутууга кошумча сааттарды бөлүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.
Агартуу министри өлкөдө гуманитардык жана тил багытындагы мектептер бар экенин белгилеп, мындай билим берүү уюмдарында француз тилин тандоо сабагы катары киргизүүгө болот деп билдирди. Ошол эле учурда, министр француз тили боюнча кыргыз билим берүү тутумуна ылайыкташтырылган окуу-методикалык комплексти алдын ала иштеп чыгуу зарылдыгын баса белгиледи.
Министрлик тарабынан башталгыч кесиптик билим берүү тармагында да кызматташтыкты кеңейтүү сунушталды. Айрыкча, кесиптик лицейлердин базасында француз ашканасын үйрөтүү жана гиддерди даярдоо боюнча кыска мөөнөттүү курстарды уюштуруу мүмкүнчүлүгү каралды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мектептерде француз тилин окутуу боюнча окуу-методикалык программаны иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүүгө жана мындан аркы биргелешкен билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу маселесин талкуулоого макулдашышты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: