Талас облусунда терроризмге каршы багытталган координациялык жыйын өттү (фото)
Кечээ, 22-октябрда Талас облустук прокуратурасында облус башчысы Эрмат Жумаевдин демилгеси жана катышуусунда терроризмге каршы багытталган координациялык жыйын өттү. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.
Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн "Облус аймагындагы стратегиялык объектилерге мониторинг жүргүзүү жөнүндө" буйругунун негизинде, жумушчу топтун курамы түзүлүп, облус аймагындагы стратегиялык маанилүү жана башка социалдык объекттердин террорчулукка каршы коргоонуусуна мониторингдин 2-этабы жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн биринчи этабында шаарлар менен райондордогу жарандык коргонуу үчүн курулган баш калкалоочу жайлар каралды. Натыйжада алардын көпчүлүгү талапка жооп бербегени, абдан эскирип кеткендиги жана санитардык шарттары начар экени аныкталды.
Экинчи этапта ичүүчү суу менен камсыз кылуучу жайлар текшерилди. Көпчүлүк суу алуучу жана суу сактоочу жайларда видеокөзөмөл, түнкү жарык жана күзөт жок экени белгиленди. Киров суу сактагычы жакшы кайтарылат, бирок видеокөзөмөл жабдууларын жаңылоо зарыл.
Жумушчу топ объекттердин коопсуздугун күчөтүү, күзөт жана видеокөзөмөл орнотуу, ошондой эле кошумча каржылоо каражаттарын бөлүү боюнча сунуштарды берди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:57
2025-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















