super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Акжол Махмудовдун атасы грек-рим күрөшү боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусун сынга алды

 
Белгилүү балбан Акжол Махмудовдун атасы Мухамед Махмудов өлкөнүн грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусунун милдетин аткаруучу Улукбек Карачолоковдун дарегине сын айтты.
Махмудов Сербияда 23 жашка чейинкилер арасында өткөн Дүйнө биринчилигинде Карачолоковдун башчылыгында катышкан өлкө курамасы жакшы жыйынтык көрсөтө албаганын белгиледи. Ал ошондой эле Карачолоковду мурунку башкы машыктыруучунун кызматтан алынышына да тиешеси бар деп айыптады.
"Жакында ноябрь айынын башында Ислам оюндары болот. Эгерде Иран, Азербайжан, Египет, Казакстан, Өзбекстан сыяктуу мусулман мамлекеттери биринчи номурдагы спортчуларын алып барышса, анда дагы алтын медаль ута албайбыз. Себеби чемпиондорду чемпион машыктыруучу гана тарбиялай алат. Улукбек Карачолоков, угушума караганда, Кыргызстан биринчилигин да уткан эмес экен. Курама командага Канатбек Бегалиев менен 2012-жылы команда болуп келип, 2017-жылы Бегалиев курама командадан кеткенде калып калган...
Карачолоков жакшы инсан, жакшы дос, адамгерчилигине эч кандай нааразычылыгым жок. Болгону грек-рим күрөшү боюнча курама командага башкы машыктыруучу болгонго татыктуу эмес!"- деп жазды ал Facebook баракчасына.
Карачолоков учурда грек-рим күрөшү боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусунун милдетин аткаруучу. Ал Хорватияда өткөн Дүйнө чемпиондугунан кийин кызматтынан кеткен Уран Жузуп уулунун (Калилов) ордуна келген.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: