super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Ак илбирстин эл аралык күнү. Садыр Жапаров билдирүү жарыялады

 
Бүгүн, 23-октябрда дүйнө эли алгачкы жолу расмий түрдө Ак илбирстин эл аралык күнүн белгилеп жатат. Бул тууралуу өлкө башчысы Садыр Жапаров эске салып, Фейсбук баркчасына видео билдирүү калтырды.
"Бул демилге дал ушул кыргыз жергесинен, биздин элибиздин чын жүрөгүнөн чыгып, бүтүндөй дүйнө жүзүнө тараганы мен үчүн өзгөчө сыймык! Бириккен Улуттар Уюмунун Ак илбирстин эл аралык күнүн белгилөө боюнча резолюциясынын бир добуштан кабыл алынышы дипломатиялык ийгилик гана эмес, табият мурастарын сактоонун алдында чек аралардын мааниси жоголуп, адамзат бир муштумдай биримдигин көрсөтө алгандыгынын айкын далили болуп калды.
Кыргызстан менен ак илбирсти айрып кароого мүмкүн эмес.
Ак илбирс – ак кар баскан тоолорубуздун жаны, көк мелжиген чокуларыбыздын сакчысы, эзелтен туу тутуп келаткан эркиндигибиз менен чыдамкайлыгыбыздын жандуу символу. Ал дагы элибиз сыяктуу ак мөңгүлүү тоолоруна берилген, эң кыйын кезеңдерде дагы өз жерин таштап кетпейт. Биз, улуу тоонун уул-кыздары асман тиреген бийик чокулардан эркиндикти, эгемендикти жана майтарылбас эркти үйрөндүк.
Тээ байыртадан бери ата-бабаларыбыз ак илбирс сыяктуу өз баалуулуктарын сактап, кылымдардан кылымдарды карытты. Эгемендикти сүйгөн деми, бекем эрки, чыдамкайлыгы менен катаал шарттардан майышпай чыгып, ар кандай тарыхый сыноолорду жеңип келишти. Мындай даңктуу элдин урпагы катары биз ушул касиеттүү жаныбар сымал күчүбүздү башка элдерди багынтуу үчүн эмес, өз Мекенибизди, наркыбызды, салтыбызды жана үй-бүлөбүздү коргоо үчүн топтойбуз. Мындан ары да түпкү тамырыбызга, өзөгүбүзгө берилген бойдон калабыз, андан ары өнүгүп-өсөбүз",- деди өлкө башчысы.
Өлкө башчысы бүгүнкү күн ак илбирстин көркөмдүгүнө суктануу үчүн гана эмес, адамзатты абийирге жана жоопкерчиликке глобалдык чакырык экенин кошумчалады. Ошондой эле бул күндүн урматына символикалуу түрдө 23 мүнөт убакыт таап, жөө басууга, көнүгүүгө жана сейилдөөгө арноого чакырды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: