Новопокровкадагы массалык мушташта 39 жаштагы киши жаракат алды
Чүй облусунун милиция кызматкерлери денеге оор жаракаттарды келтирүү фактысы боюнча шектүүлөрдү кармашты.Басма сөз кызматы билдиргендей, 14-сентябрда саат 18:00 чамасында Ысык-Ата РИИБине Новопокровка айылындагы үчүнчү көлмөнүн аймагында массалык мушташ болгону маалымалган. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып, 1986-жылы туулган Т.К. атту жергиликтүү тургун ар кандай дене жаракаттарын алганын аныкташкан. Жабырлануучунун айтымында, аны белгизис адамдар ур-токмокко алган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү адамдар аныкталган. Алар 1987-жылы туулган А.Б. жана 1988-жылы туулган Т.В. экендиги аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Райондук сот тарабынан аларга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.
Тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















