Евробиримдик Орусияга каршы 19-санкциялар пакетин колдоду
Европа Биримдигинин бардык мүчө мамлекеттери Орусияга каршы жаңы, 19-санкциялар пакетин жактырды. Бул тууралуу Даниянын Европа Биримдигиндеги өкүлчүлүгү билдиргенин Reuters агенттиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, Евробиримдик Кеңеши санкцияларды расмий түрдө бекитүү үчүн жазуу жүзүндөгү процедураны баштады. Эгер эч бир мамлекет каршы пикирин билдирбесе, анда документ эртең күчүнө кирет.
Бул чечим менен бирге Орусиянын газына болгон көз карандылыктан баш тартуу планы да колдоо тапты. Уюмдун басма сөз кызматы билдиргендей, бул кадам Европа өлкөлөрүнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөөгө жана таза, көз карандысыз энергетикага өтүүгө багытталган.
Даниянын климат, энергетика жана коммуналдык кызматтар министри Ларс Оагор бул келишимди колдоо менен Европа өз позициясын ачык билдиргенин айтты.
"Биз орусиялык газдын импортун акырындык менен токтотуу аркылуу биз өз коопсуздугубузду чыңдап, таза энергетикага жана стратегиялык көзкарандысыздыкка олуттуу кадам таштап жатабыз",- деди министр.
Жаңы план түтүк аркылуу ташылуучу газды да, суюлтулган табигый газды да камтыйт. Ошондой эле 19-санкциялар пакетинин алкагында Европа Биримдиги "Роснефть" жана "Газпром нефть" компаниялары менен болгон бардык каржылык операцияларга чектөө киргизүүнү көздөөдө.
Мындан тышкары, уюм Орусиянын санкцияларды айланып өтүүсүнө жардам берип жаткан жана орус чийки затын сатып алууну уланткан чет өлкөлүк компанияларга да чара көрүүнү пландаштырууда.
.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















