super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Баткенде чек ара айылдарынын тургундары Жаңы-Достук айылына көчүп барышууда (фото)

 
Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек араларын делимитациялоонун жыйынтыгында Баткен жана Лейлек райондорунун айрым аймактарынын Тажикстан менен алмашуунун натыйжасында Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Достук айылынын тургундарын көчүрүү үчүн Жаңы-Достук айылына 181 турак үй курулган.
Турак үйлөр курулуп бүтүп, инфраструктурага байланыштуу жол, бала бакча жана башка соцобъекттер, сугат суу, таза суу жана жашылдандыруу иштери жүрүүдө.
Аткарылган иштерди облус башчысы Айбек Шаменов жеринен көрдү. Жаңыдан салынган турак үйлөрдө керектүү болгон бардык шарттар каралган. Учурда Достук айылынын тургундары көчүп келе башташты. Ал үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан атайын техникалар бөлүнгөн.
Жаңы турак жай аймагына, Баткен районунун Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарынын айрым участкаларынын тургундары да жайгашат. Ал эми Лейлек районунун аймагындагы айрым алмашылган аймактардын жашоочулары үчүн Раззаков жана Максат айылдарында жалпы 76 турак жайдын курулуш иштери да дээрлик аяктап калган.
Учурда жалпы Баткен жана Лейлек району боюнча 257 үй курулууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: