super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АКШ Тынч океандагы баңгизаттарын ташуучу кемеге сокку урду

 

АКШнын коргоо министри Пит Хегсет Тынч океандын чыгыш бөлүгүндө баңгизат ташыган кеменин жок кылынганын билдирди.

Reuters агенттигинин маалыматына караганда, бул окуя АКШнын президенти Дональд Трамп жарыялаган баңги соодасына каршы күрөшүү боюнча кампаниянын алкагында Тынч океанда жүргүзүлгөн алгачкы аскердик операция болуп саналат.

"Бул кеме мыйзамсыз баңгизат ташууга катышкан, белгилүү баңгизат транзиттик маршруту менен жүрүп бара жаткан жана баңгизат жүктөп алган",- деп билдирди Пит Хегсет.

Бирок агенттиктин тактоосуна ылайык, министр өз айткандарын документалдык далилдер менен бекемдеген эмес.

Буга чейин АКШнын аскерлери Кариб деңизинде кемелерге каршы кеминде жети жолу сокку урганы кабарланган. Америкалык чалгын кызматтарынын маалыматы боюнча, бул кемелер баңгизат ташууга пайдаланылган.

АКШ сентябрь айынын башынан тарта ушундай операцияларды жүргүзүп келет. Ошол эле учурда Сенат Пентагондон соккулардын негиздемесин түшүндүрүүнү талап кылып, президент Дональд Трамптын наркокартелдерди террористтик уюм катары таануу чечимин жетишсиз деп эсептөөдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: