super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бишкекте техникалык коопсуздук эрежелерин бузган компаниянын иши токтотулду

 
Курулуш министрилигине кечээ, 22-октябрда Бишкек шаарынын Симферопольский 8 дарегинде жайгашкан курулуш объектинде техникалык коопсуздук эрежелери сакталбай жаткандыгы маалымдалган. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, курулуш объектине толук текшерүү жүргүзүлүп, административдик чаралар көрүлдү.
"Нур Имарат Курулуш" ЖЧКсы тарабынан көп кабаттуу турак үй салынып жаткан объектте үчүнчү жактар үчүн коопсуз зона каралган эмес. Ошондой эле, эмгек коопсуздугунун талаптары жана курулуш ченемдери бузулгандыгы аныкталган.
Натыйжада, аныкталган мыйзам бузуулар жоюлганга чейин курулуш-монтаждоо иштери убактылуу токтотулду. Мындан сырткары, акт түзүлүп, протоколдун негизинде айып пул салуу токтому чыгарылды.
Эгер курулуш объектиндеги иштер курулуш ченемдерине жана талаптарына ылайык жүргүзүлбөй жаткандыгы аныкталса Курулуш министрлиги тарабынан тиешелүү чаралар сөзсүз көрүлөт деп айтылды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: