Түндүк Корея гиперүндүү снаряддарды сыноодон өткөрдү
Кечээ, 22-октябрда Түндүк Корея коргонуу потенциалын өнүктүрүү программасынын алкагында эки жаңы гиперүндүү снарядды сыноодон ийгиликтүү өткөрдү. Бул тууралуу Кореянын Борбордук Телеграф Агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, сыноону ракеталарды куруу башкы башкармалыгы өткөргөн. Сынакты Түштүк Кореянын Эмгек партиясынын Борбордук комитетинин катчысы Пак Чон Чхон көзөмөлгө алган.
Басылманын маалыматы боюнча, снаряддарды сыноо коргонуу мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүү планынын бир бөлүгү болуп, стратегиялык кысым көрсөтүү максатында жасалууда.
Эске салсак, 19-сентябрда Түндүк Кореяда өлкөнүн лидери Ким Чен Ындын жетекчилиги алдында учкучсуз куралдардын сыноосу өткөн. Анда ал ар кандай учкучсуз куралдардын, анын ичинде стратегиялык жана тактикалык чалгындоо дрондорунун жана көп максаттуу дрондордун мүнөздөмөлөрү менен таанышкан.
Түндүк Кореянын лидери учкучсуз авиациялык техника бирикмесинин техникалык потенциалын кеңейтүү жана чыңдоо боюнча уюштуруу-структуралык чараларды камтыган долбоорду да жактырып, кол койгон.
Буга чейин АКШ да Түндүк Кореянын Кытай менен чектешкен аймагында жашыруун ракеталык базасы тууралуу маалымат берген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















