super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Франциянын өкүлү: "Орусия менен согушууга 3-4 жыл ичинде даярдануу керек"

 

Франциянын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы Фабьен Мандондун айтымында, француз аскерлери Орусия менен 3-4 жылдан кийин мүмкүн болгон кагылышууга даяр болушу керек. Бул тууралуу Le Monde гезити кабарлады.

Мандон өлкө куралдуу күчтөрүн куралдандыруу аракеттерин күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

"Мен куралдуу күчтөргө койгон биринчи максат- үч-төрт жылдан кийин күтүлүүчү соккого даяр болуу",- деди ал.

Ал Москвада Европада согушту улантууга кызыгуу пайда болушу мүмкүн экенин айтып, Францияда өзүнө ишенимдүү болууга бардык шарттар бар экенин баса белгиледи.

"Эгер биздин потенциалдуу атаандаштар, душмандарыбыз биз коргонууга аракет кылып жатканыбызды жана чечкиндүүлүгүбүз бар экенин көрүшсө, алар кол салуудан баш тартышы мүмкүн",- деди генерал.

Буга чейин НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте Орусия НАТОго беш жылдан соң кол салышы ыктымал экенин билдирген.

Ал эми Орусиянын президенти Владимир Путин Европа жана НАТО өлкөлөрүнө кол салуу пландары тууралуу айыптоолорду жалган деп атаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: