Францияда депутат байлардын салыгын көтөрүү боюнча маек берерде кымбат саатын чечип койду (видео)
Франциянын Улуттук ассамблеясынын эң жаш депутаты, 25 жаштагы Луи Боярдын жоругу коомчулукта кызуу талкууга түштү. Ал байларга салыкты жогорулатуу боюнча демилгени колдоо иретинде журналисттерге маек куруунун алдында колундагы кымбат баалуу саатын билгизбей чечип койгон.
Ал BFMTV телеканалынын эфиринде байлардын кирешесине жаңы салыктарды киргизүүнү катуу колдоп, жогорку кирешелүүлөрдү кескин сынга алды.
Бул көрүнүш француз коомчулугунда чоң талкуу жаратты жана кыска убакыттын ичинде социалдык тармактарга тарады. Көпчүлүк колдонуучулар саясатчынын бир нече сүрөттөрүн карап чыгып, анын колунан кеминде төрт түрдүү баалуу сааттар болгонун байкашты.
"Бул окуя жаңы салыктын иштөө логикасын символдоштуруп турат. Байлык бар болсо, аны жашыруу кыйын. Луи Боярддун бул кадамы көпчүлүк үчүн таң калыштуу болгону менен, аны жөнөкөй саясатчы катары да баалашат",- деп белгилеген басылмалар.
Маалымат үчүн: Франция 2026-жылдан тартып эң бай жарандардан кошумча салыктарды алууну пландап жатат. Бул чара мамлекеттин бюджеттик дефицитин азайтуу максатында каралууда.
Франция депутаты байлардын салыгын көтөрүү тууралуу эфирге чыкканда кымбат саатын чечип койду
0

Супер-Инфо
super.kg видео















