Шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузган 4 учур катталды
Кечээ, 22-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүдө мыйзам бузуу фактыларын карап, тиешелүү чечимдерди кабыл алды.
Маалымат кызматы билдиргендей, талапкерлердин жана жеке жарандардын социалдык тармактардагы үгүт аракеттери мыйзамга туура келбеген учурлары аныкталды.
Натыйжада, төмөнкүдөй айып пулдар салынды:
- №14 шайлоо округунан талапкер Болотбек Дүйшөналиевге - 7 500 сом;
- Баткен облусундагы Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин төрагасы Гулам Матажиевге - 7 500 сом;
- №25 шайлоо округунан талапкер Төрөкан Жунусбековго - 7 500 сом;
- Талас УТРКсы "Аял ажары" программасы аркылуу үгүт жүргүзгөндүгү үчүн 28 000 сом айып пулга жыгылды.
БШК бардык талапкерлерге, мамлекеттик кызматкерлерге жана массалык маалымат каражаттарына шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин так сактоону эскертти. Үгүт иштери талапкерлер катталган соң гана жүргүзүлүшү керек.
Буга чейин Баткенде мыйзамсыз үгүт иштери боюнча маалымат берилди. Анда Гулам Матажиевдин аты аталган.
Белгилей кетсек, кезексиз парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин арыздары 30-октябрга чейин кабыл алынат. Ал эми шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген. Үгүт иштерине 10-ноябрда гана старт берилет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















