Кишилерди кран менен көтөрүп... Бишкекте курулуш компаниясына айып пул салынды
Бишкекте коопсуздук эрежелерин бузган курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.Маалыматка ылайык, кечээ, 22-октябрда министрликке калаанын Ахунбаев жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүзүлүп жаткан курулуш объектинде коопсуздук эрежелери сакталбай жаткандыгы тууралуу кайрылуу түшкөн. Натыйжада, аталган даректе курулуш иштерин жүргүзүп жаткан "Кыргыз Курулуш Долбоор" ЖЧКсына карата протокол түзүлгөн.
Министрлик ошондой эле 4-разряддагы мунара кранынын машинистине карата өзүнчө чаралар көрүлүп жатканын кошумчалады.
Видеодон крандын жардамы менен 2 адам өйдө көтөрүлүп бара жатканын көрүүгө болот.
Бишкекте коопсуздук эрежесин бузган компанияга айып пул салынды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:57
2025-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















