super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Ташиев Ак-Талаанын Баетов айылында спорт комплексинин курулушуна старт берди

 
Бүгүн, 23-октябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Нарындын Ак-Талаа районунун Баетов айылында спорт комплексинин курулушуна мезгил кутусун салды. Бул тууралуу атайын кызмат билдирди.
Маалыматка караганда, аталган спорт комплексинин жалпы аянты 2160 чарчы метрди түзүп, 2 кабаттан турат. Комплекс административдик жана спорттук болуп эки бөлүккө бөлүнүп, анда эки спорт зал, өзүнчө машыгуу бөлмөлөрү жана башка керектүү заманбап шарттар каралган. Долбоордун сметалык баасы 150 миллион сом.
Иш-чаранын жүрүшүндө УКМК төрагасы Баетов айылынын тургундарын, өзгөчө жаштарын спорт менен машыгууга жана спорт аркылуу сергек жашоо образын калыптандырууга чакырган. Аталган спорт комплекси аркылуу келечекте өлкөнүн желегин желбиреткен мыкты спортчулар тарбияланып чыксын деген тилегин билдирген.
Өз кезегинде Баетов айылынын тургундары Камчыбек Ташиевге ыраазычылыктарын айтышып, ак батасын беришкен.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: