super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Германияда аскердик машыгуу учурунда полиция жаңылыш ок чыгарып, 1 аскер жаракат алды

 

Германиянын Мюнхен шаарынын түндүк-чыгышындагы Алтенердинг аймагында өткөн "Маршал күчү – 2025" аскердик машыгуусу маалында полиция менен аскерлер кокустан ок атышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматтарга караганда, коомдук жайда машыгуу өткөрүп жаткан аскерлерди жергиликтүү тургундар көрүп, полицияга "күмөн жараткан куралчан адамдар бар" деп билдиришкен. Окуя болгон жерге келген полиция кызматкерлери машыгууга катышкан аскерлерди реалдуу коркунуч катары кабылдаган. Ал эми аскерлер полицияны машыгуунун бир бөлүгү деп ойлоп, окууга арналган үйрөтүүчү октор менен аткан. Буга полиция кызматкерлери чыныгы ок менен жооп кайтарган.

Окуянын натыйжасында бир аскер жеңил жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Анын өмүрүнө коркунуч жок экени билдирилди. Немис басылмалары полицияга бул машыгуу тууралуу алдын ала кабарланбаганын жазышты. Машыгуунун максаты өлкөгө коркунуч жаралган учурда аскердик жана жарандык түзүмдөрдүн биргелешип аракеттенүү мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: