Ташиев Баетов айылындагы 3 кабаттуу коомдук маданий борбордун курулушуна капсула салды (фото)
Бүгүн, 23-октябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы коомдук маданий борборунун курулушуна капсула салды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Белгилүү болгондой, Ак-Талаа районунун Баетов айылынын түштүк тарабына Жолдубаев жана Султаналиев көчөлөрүнүн кесилишине маданий борборун куруу иштери "Барс-курулуш" жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан башталып, имараттын котлованы казылган.
Долбоордун курулушу президенттин турукташтыруу фонду тарабынан каржыланат. Жалпы сметалык баасы болжолдуу 150 миллион сом.
Маданият борборунун жалпы аянты 0,40 гектар болуп, 3-кабаттуу, жер төлөсү да каралган. Комплексте кинотеатр, китепкана, музей, иш бөлмөлөр, конок күтүү залдары, маданият өкүлдөрүнө керектүү заманбап шарттар камсыздалган.
Өз кезегинде УКМК төрагасы өлкөнүн маданият тармагына өзгөчө көңүл бөлүү зарылдыгын, аймактарга керектүү маданият үйлөрүн куруу маанилүү экенин баса белгиледи. Андыктан Баетов айылына курулуп жаткан Маданият борборуна да өзгөчө көңүл бөлүп, сапаттуу курууну тапшырды.
Белгилей кетсек, Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы коомдук маданий борборунун курулушун 2026-жылы бүткөрүү пландалууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















