Зеленский Орусияга аймактарын бербей турганын билдирди
Украина Орусияга жерлерин бербейт. Бул тууралуу Украинанын лидери Владимир Зеленский билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
"Ок атууну токтотуу мүмкүн. Ар бирибиз ок атууну токтотууну каалайбыз деп ойлойм. Бирок ок атууну токтотуу үчүн Орусияга көбүрөөк басым көрсөтүү керек. Биз ок атууну токтотуу боюнча сүйлөшүүгө даярбыз. Ар кандай форматта даярбыз. Бирок сүйлөшүүлөрдүн маанилүүсү бизге адилеттүү жана туруктуу тынчтык керек",- деди ал.
Ошондой эле ал Украина Орусияга бошотулбаган аймактарын өткөрүп бербей турганын айтты.
"Украина сүйлөшүүлөргө даяр, бирок Орусия кол салбаган аймактарды берүү шартында эмес",- деп маалымдады Зеленский.
Буга чейин Зеленский Украина менен европалык өлкөлөр коргонуу келишимин түзүүгө даярданып жатышканын жана ал жаңы кызматташуу принциптерин камтый турганын билдирген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















