Тунис жээгиндеги мигранттардын кайыгы чөгүп, 40 киши каза болду
Тунистин борбордук бөлүгүндөгү Махдия шаарынын жээгинде мигранттарды ташыган кайык чөгүп, кеминде 40 адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматтарга караганда, Каза болгондордун арасында наристелер да бар. Ал эми 30 киши куткарылган. Тунистин бийлиги кырсыктын себептерин жана кайыктын чыккан багытын аныктоо үчүн иликтөө баштаган.
Кайыкта болжол менен 70 мигрант болгон жана алардын бардыгы Сахаранын түштүгүндөгү Африка өлкөлөрүнөн келишкен. Бул кырсык быйыл Жер Ортолук деңизинде катталган эң оор трагедиялардын бири катары бааланууда.
БУУнун маалыматына ылайык, өткөн жылы 210 миңден ашык адам Жер Ортолук деңиз аркылуу Европага жетүүгө аракет кылган. Алардын 2 миңге жакыны деңизде каза болуп, Тунистеги мыйзамсыз миграция көйгөйүнүн курч бойдон экенин дагы бир жолу көрсөттү.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















