Ташиев Ак-Талаага убадасынан кечигип конокко барды
Бүгүн, 23-октябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Нарындын Ак-Талаа районуна иш сапары менен барды.
Анда атайын кызматтын башчысы район үчүн алынган атайын техникаларды тапшырып, эки объекттин курулушуна старт берди. Тагыраагы, Баетов айылында спорт комплексинин жана коомдук маданий борбордун курулушуна капсула салынды.
Эске салсак, сентябрь айында Ташиев Нарын шаарына барганда Ак-Талаага октябрь айынын башында барарын айткан. УКМК жетекчиси райондун акими Мирлан Камчыбековго кайрылып, конокко чакырууну сунуш кылган.
"Ак-Талаага баралыбы? Конокко чакырбайсыңбы? Же коркуп жатасыңбы? Октябрдын башында барабыз. Баетовду жууп, тазалап, жолдорун оңдоп, мектептерди актап, сырдап даяр тур. Эл менен да жолугушабыз. Эгерде сенин ишиңе нааразычылыктар айтылса, анда "чатак" болот",- деген болчу.
Деген менен октябрь айы теңинен ооду.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















